Таш-Көмүрлүк тургунду издөөгө 50дөн ашык адам тартылды
Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын дайынсыз болуп жаткан тургунун издөө иштерине бүгүн, 11-январда 57 адам, 4 дрон тартылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Анын ичинен 36сы ӨКМдин куткаруучулары, 15и милиция кызматкери жана алтоо жергиликтүү тургундар.
Айта кетсек, 15-декабрда 1978-жылы туулган Таш-Көмүр шаарынын М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон дайынсыз болууда. Аны издөө иштери 17-декабрдан бери жүрүп келет. Издөө иштерин өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жеке көзөмөлүнө алууда.