
Ош облусунун Өзгөн районунда 16 жаштагы
Хикматилло Абдукаримов дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу облустук милиция маалымдады.
Анда айтылгандай, ал 2024-жылдын 27-декабрында Өзгөн шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, арыкчырай дене түзүлүштө, акжумал, кашы-көзү кара, чачы кыска.
Кийген кийимдери: кара түстөгү баш кийим, боз түстөгү күрмө, кара спорттук шым, бутунда күрөң кроссовка.
Хикматилло Абдукаримов тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо төмөнкү номерлерге байланышса болот: 03233 5-06-36, 0550 33 43 23, 0779 33 43 23, 0777 11 63 93, 0553 11 63 93.