Улуттук курама команданын чабуулчусу Жоэль Кожо Ирандын «Эстегляль» клубуна өттү. Бул жөнүндө Кыргыз футбол биримдиги маалымдады.
Айта кетсек, аталган команда Ирандын футболунун жогорку дивизионунда ойнойт. Учурда клуб 16 команданын катышуусунда өткөн чемпионаттын турнирдик жадыбалынын 8-орунда турат. «Эстегляль» Ирандын 9 жолку чемпиону болуп, Азия чемпиондор лигасын эки жолу жеңген.
Белгилей кетсек, футболчу буга чейин Өзбекстандын «Динамо Самарканд» клубунда ойноп, өткөнкү сезондо 24 беттеш өткөрүп, 8 гол киргизген.
Жаңы клуб менен болгон келишим 2+1 системасы менен түзүлдү (дагы бир жылга узартуу мүмкүнчүлүгү бар). Кожо Жоэль 11 номери менен ойнойт.