Молдовада Интерпол аркылуу эл аралык издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги бүгүн, 11-январда маалымат таратты.
Билдирүүгө ылайык, 59 жаштагы шектүү Х.Х. Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (кызматтык абалын пайдалануу менен жасалган өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык) менен айыпталууда.
"Х.Х. аттуу жаран мамлекеттик кызматкер болуп турган учурда материалдык киреше алуу максатында алдамчылык жолу менен С.Д. аттуу жарандан чоң суммадагы акча каражатын тартып алып, анын материалдык зыянга учурашына себеп болгон. Мындан тышкары, Х.Х. бир катар ушундай эле кылмыштарды жасоого шектелүүдө" деп айтылат ИИМ берген маалыматта.
Министрлик бүгүнкү күндө Кыргызстандын Башкы прокуратурасы тарабынан аны экстрадициялоо маселеси каралып жатканын кошумчалады.