
Ош шаарында Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык базардын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Ага ылайык, базар 2500 орунга ылайыкташып, 25 катардан турат.
"Базарга кирүүчү туурасы 7,5 метрди түзгөн 2 негизги жол бар. Өрт коопсуздугун сактоо максатында ар бир 5-катарда гидрант орнотулуп, базар электр энергиясына, коммуналдык тармактарга туташкан. Соода орундуктарынын аянты 6-7 чарчы метрди түзөт" деп жазылат анда.
Базарга соодагерлерди көчүрүү иштери 20-январга болжолдонгон.