Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 12-14-январда Кытай Эл Республикасынын атайын административдик району Гонконгго жумуш сапары менен барат.
МинКабдан билдиргендей, анын алкагында өкмөт башчы Азия каржы форумуна катышат.
Айта кетсек, аталган форум жыл сайын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн алдыңкы эксперттерди, каржы тармагынын лидерлерин жана бизнес өкүлдөрүн бириктирет.
"Иш-чарада Касымалиев негизги баяндамачылардын бири катары сөз сүйлөйт. Ал өз сөзүндө эл аралык каржыга, Кыргызстандын экономикалык өнүгүү келечегине жана анын аймактык экономикалык процесстердеги ролуна байланыштуу актуалдуу маселелерди камтыйт. Инвестицияларды тартууга жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат" деп жазылды маалыматта.
Мындан тышкары сапарда Гонконгдун атайын административдик районунун башчысы жана бир катар ири банк жана каржы институттарынын жетекчилиги менен эки тараптуу жолугушуулар мерчемделген. Анда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу жана өлкөлөр ортосундагы соода алакаларын кеңейтүү перспективалары талкууланат.