Быйыл Кыргызстанга ажылык сапар үчүн канча орун бөлүнгөнү айтылды

Сауд Арабиянын ажылык министрлиги Кыргызстанга быйыл 6060 квота бөлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдирди.
Ага ылайык, муфтий Абдулазиз Закиров Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министринин орун басары Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуп, быйылкы ажылык сапарын уюштуруу маселесин талкуулады.
Анда 2025-жылдагы ажылыкка даярдык иштеринин эрте башталганы жана Кыргызстандын ажылыкты уюштуруудагы ийгиликтери белгиленди.
Муфтий ажылык сапарын уюштуруу боюнча кеңири талкуу жүргөнүн, кыргызстандык ажылардын жатакана шарттары, тамак-ашы жана ыйык жерлердеги ибадаттарын уюштуруу иштери башталганын кошумчалады. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2025-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшту.
Кабарлай кетсек, былтыр, 2024-жылы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6060 квота бөлүнгөн болчу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан