
Таласта пара талап кылууга шектелип милициянын участкалык инспектору кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалыматында айтылат.
Атайын кызмат тактагандай, шектүү үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча текшерүүнү токтоткондугу үчүн пара талап кылган. Ал 11-январда талап кылынган сумманын 20 миң сом бөлүгүн алгандан кийин кармалган.
Шектүү Талас ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
Белгилей кетсек, 1-январдан тарта коррупциялык көрүнүштөрдүн жоопкерчилик чаралары күчөтүлгөн. Тиешелүү
мыйзамга 2024-жылдын 31-декабрында президент
Садыр Жапаров кол койгон.