Страсбургда трамвай кырсыгынан 10догон адамдар жабыркады

Франциянын Страсбург шаарында эки трамвайдын кагылышуусунан жабыркаган жарандардын саны 50гө жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар полицияга шилтеме берүү менен жазышууда.

Маалым болгондой, кырсык 11-январда борбордук станциянын аялдамасында болгон. Жеринде 130 өрт өчүрүүчү жана жарандык коопсуздук кызматы иш алып барды. Кырсыктан жабыркаган адамдардын ичинен 15и ооруканага жаткырылган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, трамвайлардын бири башка жолго чыгып, токтоп турган трамвайга урунган.

Франциянын транспорт министри Филипп Табарот кырсыктын чоо-жайын тактоо үчүн иликтөө иштери жүрүп жатканын белгиледи. Кырсык жолдун багытын алмаштыруудагы катадан келип чыгышы мүмкүндүгү болжолдонуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан