
Бүгүн, 12-январда саат 11:52де Ош облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, жердин силкинүүсү Кара-Кулжа районундагы Кара-Жыгач айылында 3 баллга, Өзгөн районунун Ийрек, Курбу-Таш, Туз-Бел айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.