Чүй облусунун Он бир-Жылга айылында көк бөрү ойногон жигиттердин бири унаа жолго чыгып, каршы тилкеде келе жаткан унаа менен сүзүштү. Андагы видео социалдык тармактарга тарады.
Видеодо көрүнгөндөй, атчан жигит дагы бир жылкыны жетелеп алып, унаа жолдо келе жаткан. Ал алдынан чыккан унаадан качууга жетишпей калып, жылкы менен унаа бетме-бет сүзүшкөн.
Учурда атчан жигит ооруканага жеткирилгени айтылды.
Эскертүү: Видео сезимтал адамдарга сунушталбайт.