Бишкекте BMW X7 унаасы электр мамысын сүзүп, оодарылып кетти

Бишкекте түндө BMW X7 үлгүсүндөгү унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 12-январга караган түнү саат 00:59 чамасында болгон.

Анда BMW X7 унаасынын айдоочусу Абдыкадыров көчөсүнө бурулуп аткан Subaru Legacy унаасы менен кагылышкан. Андан соң BMW X7 жол четинде турган бетон электр мамысын сүзүп, оодарылып калган.

Азырынча кырсыктын катышуучуларынын бири да медициналык жардам сурап кайрыла элек. Эки унаа тең айып короого коюлган. Бардык зарыл экспертизалар дайындалды.

12.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан