Чүйдө жол инспекторлору агасынын унаасын айдап чыккан 15 жаштагы өспүрүмдү аныкташты. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда ЖКККББ билдирди.
Маалым болгондой, өспүрүм агасынын унаасын уруксатсыз айдап кеткени, тиешелүү документтери жок экендиги аныкталган. Окуя аймактагы трассалардын биринде болгон.
Унаа айып короосуна коюлуп, өспүрүмгө жана анын үй-бүлөсүнө карата текшерүү иштери башталды.