Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Курск облусунда туткунга алынган түндүк кореялык жоокерлердин суракка алынып жаткан биринчи видеосун жарыялап, Киев Орусиядагы украиналык туткундардын ордуна аларды мекенине кайтарууга даяр экенин билдирди. Түндүк Кореянын туткунга түшкөн эки аскеринин видеосу Фейсбукта жарыяланды.
"Түндүк Кореядан биринчи туткунга түшкөн аскерлери. Булардан тышкары башкалары да болот, бул убакыт маселеси. Украина буларды Орусияда туткунда жаткан украиналык жоокерлер менен алмашууга даяр", - деп жазган Зеленский.
Зеленский жарадар болгон түндүк кореялык аскерлерге жардам көрсөтүлүп, Киевге жеткирилгенин кошумчалады. Алардын бирин атайын операциялык күчтөрдүн жоокерлери, экинчисин украиналык десантчылар колго түшүргөн.