Жалал-Абадда мыйзамсыз баңгизат сатууга шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-январда Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына бир жаран мыйзамсыз баңгизат сактап, колдонуп жүргөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары Ноокен районунун 60 жаштагы тургуну жана анын үч шериги, тагыраагы Кочкор-Ата шаарынын 39 жаштагы тургуну, Майлуу-Суу шаарынын 48 жана 32 жаштагы тургундары кармалган. Алардын жашаган аймагынан Кинология борборунун жардамы менен салмагы 500 граммдан ашык марихуана баңгизаты табылган. Тергөөдө 48 жаштагы жаран буга чейин соттолуп, жазасын өтөп чыкканы аныкталды.
Шектүүлөр Ноокен райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери уланууда.