Жалал-Абад жана Ош облусунун аймактарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 12-январь түнкү саат 23:36да очогунда (Кыргызстан айылынан 3 чакырым түштүк батышта, Калта айылынан 5 чакырым түндүктө, Чангет айылынан 5 чакырым түштүк чыгышта, Ничке-Сай айылынан 7 чакырым түндүк батышта) күчү 3 баллга жеткен жер титирөө болгон. Силкинүү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жийде, Чангет айылдарында 3 баллга, Ак-Терек айылында 2,5 баллга, Токтогул районунун Ничке-Сай айылында 2,5 баллга, Ош облусунун Өзгөн районунун Кыргызстан, Калта айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
ӨКМ жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун кошумчалады.