"Реал Мадрид" менен "Барселонанын" оюну ири эсеп менен аяктады (видео)

Бүгүн, 13-январга караган түнү Сауд Арабиянын Жидда шаарында Испаниянын Суперкубогунун финалдык беттеши болуп өттү.

Анда каталондук "Барселона" клубу атактуу "Реал Мадридди" кабыл алып, оюн 5:2 эсебинде "Барселонанын" жеңиши менен аяктады.

5-мүнөттө Мбаппе эсепти ачты. "Барса" бул голго Ямаль, Левандовски, Рафинья жана Балденин голдору менен жооп берди. Оюндун 60-мүнөтүндө Родриго эсепти 5:2ге өзгөрттү. Андан кийин командалар гол жарата алган жок.

Беттештин 56-мүнөтүндө каталондук клубдун дарбазачысы Войцех Щенсны Мбаппеге карата эреже бузганы үчүн оюндан четтетилди.

Муну менен "Барселона" Испания Суперкубогун 15-ирет жеңди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан