Орусия Украинанын Курахово шаарынын тургундарын эвакуациялай баштады

Орусиянын "Түштүк" аскерлер тобунун жоокерлери Украинанын Курахово шаарынын тургундарын эвакуациялай башташты. Бул тууралуу Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди.

Эске сала кетсек, Курахово өткөн жумада орусиялык аскер кызматкерлери тарабынан бошотулган.

"Учурда орус аскерлери өткөн аптада бошотулган Курахово шаарынын тургундарын эвакуациялай баштады", - деп белгилейт Орусиянын Коргоо министрлиги.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, орус тилинде сүйлөгөндөр украин куралдуу күчтөрүнүн аскерлери тарабынан коркутуп-үркүтүүгө дуушар болгон.

19 миңдей калкы бар Донецктеги Курахово шаарын орус аскерлери 6-январда өз көзөмөлүнө алганын жарыялаган. Орусия шаардын орус аскерлеринин көзөмөлүнө өтүшү Украинанын куралдуу күчтөрүнүн Донецк багытындагы тобун логистикалык жана техникалык жактан камсыздоону кыйла татаалдаштырганын баса белгиледи. Бул өз кезегинде аларды Донецкти аткылоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан