Таш-Көмүрдө бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан жаран изделүүдө 

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан тургуну изделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, издөө ишине ӨКМден 38 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер жана 10 тургун, жалпы 58 адам, ошондой эле 4 дрон тартылган.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын 15-декабрында Таш-Көмүр шаарынын 47 жаштагы М.Д. аттуу тургуну Сүттү-Булак жайлоосуна малын айдап келүүгө чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан