Жасалма номур тагылган унаанын айдоочусуна айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалымдалгандай, кечээ, 12-январда Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлерине одоно жол эрежесин бузган Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны кармоо боюнча маалымат берилген. Натыйжада унаа кармалган.
Текшерүүдө 2002-жылы туулган К.А. аттуу айдоочу өзүнүн автокөлүгүнө жалган, жасалма мамлекеттик номурду тагып жүргөндүгү, унаасынын терезелерин мыйзамсыз караңгылаткандыгы жана жаркылдоочу каражаттарды мыйзамсыз орноткондугу аныкталган.
Бул факты боюнча унаа айып короо жайына токтотулуп, айдоочусуна 45 миң 500 сомго айып салынды.