Мамлекеттик салык кызматынын Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон району боюнча салык төлөөчүлөр менен иштөө бөлүмүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Тактап айтканда, О.С.А. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (Пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында мүлккө жана камсыздандыруу төгүмдөрүнө салык карыздарынын жоктугу/бар болгондугу жөнүндө маалымкат алуу процессин тездеткендиги, ошондой эле салыктык чегерүүлөрдү жана жеке ишкерлердин ставкаларын азайткандыгы үчүн системалуу негизде акча каражаттарын алгандыгы аныкталган.
"Сот органдарынын уруксаты менен О.С.А.нын мыйзамсыз аракеттери жашыруун камерага тартылып, 9-январда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешелүү башка кызмат адамдарынын катыштыгын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралар жүрүп жатат", - деп билдиришти УКМКдан.
Бул 2025-жылда пара алууга шектелип кармалган экинчи учур. Буга чейин УКМК Таласта милиция кызматкерин пара алган деген шек менен кармаган.
Эске салсак, 2024-жылдын 31-декабрында өлкө башчы Садыр Жапаров "Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койгон.
Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2024-жылдын 25-декабрында кабыл алынган. Мыйзам мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу боюнча өлкөнүн жогорку жетекчилигинин ички саясий курсун ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан. Ал коррупциялык жана башка кылмыштардын алдын алуунун натыйжалуу чараларын түзүүгө, ошондой эле мындай кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган жана мамлекеттик, муниципалдык кызматка кайра орношууну каалаган адамдар үчүн жазаларды күчөтүүгө жана чектөөлөрдү белгилөөгө багытталган.