Өкмөт башчы Гонконгго барды (сүрөт)

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапарын Кытайдын административдик району Гонконгдон баштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, сапар 14-январга чейин уланат. Анын алкагында Касымалиев жыл сайын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн алдыңкы эксперттерди, каржы тармагынын лидерлерин жана бизнес өкүлдөрүн бириктирген абройлуу эл аралык иш-чара деп эсептелген — Азия каржы форумуна катышат.

Форумдун алкагында Министрлер кабинетинин төрагасы негизги баяндамачылардын бири катары сөз сүйлөйт, ал өз сөзүндө эл аралык каржыга, Кыргызстандын экономикалык өнүгүү келечегине жана анын аймактык экономикалык процесстердеги ролуна байланыштуу актуалдуу маселелерди камтыйт. Инвестицияларды тартууга жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Андан тышкары Гонконг административдик районунун башчысы, ошондой эле бир катар ири банк жана каржы институттарынын жетекчилиги менен жолугушат. Жолугушууларда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө, Кыргызстандын экономикасына инвестиция тартуу жана өлкөлөр ортосундагы соода алакаларын кеңейтүү перспективалары талкууланат. Анда тараптарды кызыктырган далилдүү долбоорлорду жана демилгелерди талкуулоо пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан