Бишкектеги жаңы Батыш автобекетинин курулушун ушул жылдын май айынын аягына чейин бүтүрүү пландалып жаат. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди.
"Автовокзалда наркологдор, МАИ кызматкерлери жана башка тиешелүү адистер ошол жерде иш жүргүзүп жатышат. Вокзалга ылайыктуу болушу үчүн үч автобусту киргизгенбиз", - деди Ырсалиев.
Ырсалиев борбор калаанын аймагы кеңейтилгенин, ошондуктан мурдагы ипподромдун аймагына жаңы автобекет курула турганын эске салды. Жаңы автобекеттин курулушун 25-майга чейин бүтүрүү пландалууда.
"Бул чоң долбоор, жаңы автобекетте бардык шарттар түзүлөт, анын ичинде 4 миң унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жай бар", - деп кошумчалады Ырсалиев.