Бишкекте майыптыгы бар жарандар үчүн пандустар орнотулууда (сүрөт)

Бишкекте майыптыгы бар жарандар үчүн коомдук жайларда пандустар орнотулууда. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, шаардагы майыптыгы бар адамдарга кыйынчылыктарды жараткан объектилерге пандустар орнотулууда.

Долбоордун алкагында "Бишкек шаар лифт" муниципалдык ишканасы "Бай ниет" жана "Береке билдинг" компаниялары менен биргеликте заманбап стандарттарга жооп берген пандустарды орното баштады. Шаар башчысы ай сайын бардык талаптарга жооп берген кеминде төрттөн пандус орнотуу тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан