Бишкекте калган троллейбустарды электробус кылып кайра жасап чыгуу пландалып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда вице-мэр Жамалбек Ырсалиев "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган троллейбустарды электробустарга өзгөртүп, түз жүрүүчү жолдорго колдонсо болот.
"Бүгүнкү күндө Бишкекке 1291 автобус алынып келинген. Учурда жүргүнчүлөрдү 1200 автобус ташып жатат. 2025-жылы 257 автобусту сатып алууну күтүп жатабыз. Ош шаарына Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен троллейбустарды бергенбиз. Ал эми алардан калган 52 даана троллейбусту электробус кылганга даярдап жатабыз. Анткени 2017-жылы чыккан троллейбустарды электробус кылганга ыңгайлуу экен. Аларды түз жолдорго колдонсок болот", - деген Жамалбек Ырсалиев.