Бишкектеги Кулиев көчөсүнөн ижарага алган жерди башка максатта пайдаланган киши айыпка жыгылды 

Бишкекте чайкана курам деп ижара алган жерге базар куруп алган жаран айыпка жыгылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда калаа мэриясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кулиев көчөсүнөн чайкана жана сыракана куруу үчүн Т.К. аттуу жаран 40 сотых жер тилкесин 49 жылдык мөөнөткө ижарага алган. Келишим 2004-жылдын 24-мартында түзүлгөн, ижара акысы жылына 417 миң 600 сомду түзөт.

Ошондой эле көрктөндүрүү үчүн кошумча 6 сотых жер участогу берилген. Анын ижара келишими 2005-жылы 8-декабрда түзүлгөн, ижара акысы 20 миң 880 сомду түзөт.

"Келишимдердин шарттарына ылайык, ижарачы ижарага алынган жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууга милдеттүү. Бирок учурда ижара келишимдеринде каралган шарттар аткарылбай, көрсөтүлгөн жер тилкеси өз максатына ылайык пайдаланылбай жатат. Тиешелүү кызматтар келишимдин шарттарын сактоо боюнча бир нече жолу билдирүү жөнөтүшкөн.

Келишимдеринин шарттарын бузуп, өз милдеттерин аткарбагандыктан, базардын ижарачысына Укук бузуулар кодексинин 239-беренесине ылайык, 13 миң сомго протокол түзүлдү. Ошондой эле 10-январда жер тилкесин талапка ылайык келтирүү боюнча эскертүү жөнөтүлгөн, антпесе маселе ижара келишимин бузуу боюнча комиссиянын кароосуна коюлат", - деп айтылат маалыматта.

Бишкек шаардык кеңешинин 2020-жылдагы “Жер участокторун берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, аталган жер тилкесинин баштапкы ижара акысы жылына 1 миллион 44 миң сомду түзөрү кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан