Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-декабрда милиция Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү Шопоков көчөсүндө жайгашкан соода борборлорунун бириндеги бутиктен 105 миң сомдук iPhone 13 Pro Max телефонун уурдатканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1991-жылы туулган М.Т. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.