Кеминде 75 жаштагы аялды автобус сүзүп кетип каза болду

Кемин шаарында алтын кен ишканасынын автобусу 75 жаштагы аялды сүзүп кетти. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 13-январда Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, 10-январда милицияга шаардагы автобекеттин жанында жол кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Факты катоого алынып, иликтөө иштери башталган.

Натыйжада ошол күнү эртең мененки саат 06:30 чамасында 1980-жылы туулган А.Ч. аттуу жаран King Long үлгүсүндөгү автобусту айдап баратып, Жибек Жолу көчөсүнөн 1949-жылы туулган Т.С.ны сүзүп алганы такталган. Кары адам алган жаракатынан улам ошол жерде каза тапкан.

"Бардык зарыл болгон соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, унаа айып короого киргизилди. Текшерүү иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен Жазык-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык чечим чыгарылат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан