Пакистанда Германиянын Федералдык чалгын кызматынын кызматкеринин сөөгү табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, ал Германиянын Пакистандагы элчилигинде иштеп жүргөн. 2 күн дайынсыз болгондуктан кесиптештери аны издөөгө алышып, акыры жансыз денесин Исламабаддагы батиринен табышкан. Азырынча анын өлүмүнүн так себеби белгисиз.
Бирок кызматкердин каза болушуна анын жүрөк оорусу себеп болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда. Анткени ал жашаган аймак көптөгөн дипломаттар турган бекем кайтаруудагы аймак болгон. Ошондой эле басылмалар каза болгон адам Германиянын Тышкы иштер министрлигинин кызматкери эмес, Федералдык чалгын кызматынын өкүлү болгонун белгилешүүдө.
Бул окуядан кийин министрлик кызматкери каза болгонун ырастаса, Чалгын кызматы комментарий берүүдөн баш тарткан.