Москва облусунун Щелково шаарчасындагы дүкөндөрдүн биринде бычак менен куралданган адам кишилерге кол салды. Бул тууралуу орус басылмалары Москва облустук полициясына таянып жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, окуя бүгүн, 13-январда болгон. Кол салуудан үч адам жаракат алып, ооруканага кайрылган. Полиция чакыруу түшкөндө дароо барганын, шектүү мас абалында кармалганын, ал эч себепсиз эле адамдарды бычактаганын маалымдаган. Шектүү Волгоград облусунун 2004-жылы туулган тургуну экени такталды.
Учурда окуянын бардык чоо-жайы иликтенип жатат.