"Өндүрүш калдыктарын өрттөбөгүлө". Бишкекте рейд жанданды

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы мыйзамды бузган жана тыюу салынган буюмдарды, таштандыны күйгүзгөндөрдү аныктоону тынымсыз улантууда. Бул туурасында бүгүн, 13-январда мэриядан кабарлашты.
Маалымдалгандай, тургундардан түшкөн арыздын негизинде эмерек чыгарган ишканадан мыйзам бузуулар аныкталган. Виноградная көчөсүндөгү ишканага Укук бузуулар кодексинин 115-беренесинин 3-бөлүгү боюнча протокол түзүлдү. Ага ылайык, Б.Э. жана Т.Ж.га 15 000 сом айып пул салынды.
Мэрия жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Ошондой эле жеке жактарга 7500 сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып пул салына тургандыгын эскертет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан