Швециянын Королдук гвардиясынын солдаты мылтыгынын штыгына баш бөлүгүн сайып алганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматтарга караганда, ал ишемби күнү Стокгольмдогу Королдук сарайда кароолду алмаштырып жатканда тайгаланып кеткен. Жоокер дароо ооруканага жеткирилип, ага операция жасалган. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланып жатат.
Окуядан кийин сарайдын айланасына кум себилип, күзөттө турган аскерлерге штык колдонууга убактылуу тыюу салынган.