Жасалма номур менен унаа башкарган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугунун башкы башкармалыгы кабарлады.
Кечээ, 13-январдагы рейд учурунда Honda Accord үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, текшерүүгө алынган. Анда 39 жаштагы айдоочу Армения өлкөсүнө тиешелүү болгон унаасын кыргыз номуруна жасалма жол менен алмаштырып алганы аныкталган.
Бул факты боюнча унаасы айып короо жайына токтотулуп, жасалма мамлекеттик номур менен жүргөндүгү үчүн ага 20 миң сом айып салынган. Ал эми унаанын тийиштүү документтерин андан ары текшерүү үчүн Бажы кызматына өткөрүлүп берилди.