Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрынын актрисасы Айнура Темирова 40 жашында каза болду. Мындай маалыматты аталган театрдан кабарлашты.
"Театрыбыздын таланттуу жаш актрисасы Темирова Айнура Зарлыковна узакка созулган оорудан улам 40 жашында 10-январь күнү мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Маркумдун сөөгү туулуп өскөн кичи мекени Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Кытай айылында 12-январь күнү жерге берилди", - деп жазылат билдирүүдө.
Айнура Темирова 1984-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кытай айылында 27-майда жарык дүйнөгө келген.
2001-жылы орто мектепти аяктаган соң Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун Театр жана кино факультетине тапшырып, 2006-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Эмгек жолун Кыргыз мамлекеттик Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында 2007-жылы баштаган.
Маркум "Кандуу сүйүү" - Айнанын ролу (2010), "Миллионердин сүйүүсү - сулуу аялдын ролу (2018)
"Жараланган турналар" - ырчы кыздын ролу (2019) тасмаларында жана бир топ спектаклдерде роль жараткан.
Жараткан эмгеги үчүн "Маданияттын мыкты кызматкери" сыйлыгы баш болгон бир топ сыйлыктарга ээ болгон.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты маркумдун жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.