Бишкек шаарынын Орто-Сай айылында жайгашкан турак үйдөн чыккан өрт 06:02де толук өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Тилсиз жоону чектөөгө алуу үчүн жалпы 2 бөлүм жана штаб тартылган. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 100 чарчы метрге жеткен.
ӨКМ өрттүн кесепетинен иске ууланган 3 адам куткарылганын, учурда абалдары туруктуу экенин кошумчалады.