Баткенде менчиктештирилип кеткен бала бакчанын жери мамлекетке кайтарылды

Баткен облусунун Сумбула айылындагы бала бакчанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, айылдагы бала бакчанын жер тилкеси 2005-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталган. Мындан улам жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен аянты 30 сотых, наркы 3 миллион 750 миң сом болгон жер тилкеси ыктыядуу түрдө Лейлек районунун Сумбула айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилди.

УКМК аталган жерге быйыл бала бакчанын жаңы имаратын куруу пландалып жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан