Атактуу машыктыруучу Хосеп Гвардиола жашоосундагы маанилүү чечимди кабыл алды

Англиянын "Манчестер Сити" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Пеп Гвардиола жана анын жубайы Кристина Серра 30 жылдык бирге жашоосунан кийин ажырашуу чечимине келишти. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, машыктыруучу менен анын жубайы мындай чечимди декабрь айында эле кабыл алышкан. Бирок коомчулукка эми гана белгилүү болуп жатат.

Гвардиола менен Серра 1994-жылы машыктыруучу "Барселонада" ойноп жүргөндө эле таанышып, сүйлөшүп башташкан жана расмий түрдө 2014-жылы гана баш кошушкан. Жубайлардын 3 баласы бар: Мария (24 жашта), Мариус (22 жашта) жана Валентина (17 жашта). Алардын бири да Гвардиола менен Манчестерде жашашпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан