Артур Бетербиев менен Дмитрий Бивол чечүүчү беттештин алдында көпкө тиктешип турушту (видео)

Орусиялык мушкер Артур Бетербиев менен кыргызстандык Дмитрий Бивол көптөн күткөн реванш алдында биринчи жолу бетме-бет кез келишти.

Анда эки мушкер 1 мүнөт 20 секунд тиктешип турушту.

Алардын экинчи беттеши 22-февралда Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарында өтөт. 2024-жылдын октябрь айында ушул эле шаарда болгон биринчи беттеш көпчүлүк калыстардын чечими менен Артур Бетербиевдин жеңиши менен аяктаган. Бул жеңиш аны жарым оор салмакта дүйнөнүн талашсыз чемпиону кылды.

Дмитрий Бивол үчүн бул жеңилүү профессионалдык карьерасындагы биринчиси болсо, Артур Бетербиев профессионалдык рингде жеңилбес бойдон калууда.

Бетербиев менен Бивол бетме-бет кез келди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан