Бүгүн, 14-январда Бишкектеги Чыгыш-5 кичи районунда саат 09:00дөн 20:00гө чейин ысык суу жана жылуулук менен камсыздоо убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалымдалгандай, өчүрүү жылуулук тармагын жаңыртуу жана жаңы курулган тармакка туташтырууга байланыштуу.
Ысык суу жана жылуулук төмөнкү үйлөрдө өчүрүлөт: Чыгыш-5 кичи районудагы № 6, 7, 10, 11, 12, 18, 19 үйлөрдө, Чүй проспектиси боюнча №30, 32, 34 үйлөр, ошондой эле Раатбек Санатбаев атындагы Олимпиадалык резерв мектебинде (Чыгыш-5, 20/3) жана №59 бала бакчасында (Чыгыш-5, 18/1).
"Оңдоо иштери кыш мезгилинде да токтобойт, иштер планга ылайык жүргүзүлүүдө. "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы убактылуу келтирилген ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт жана туура тушүнгөнүңүздөр үчүн ыраазычылык билдирет", - деп айтылат билдирүүдө.