Орусиянын Красногорск шаарында мигрант тракторду уурдай качты. Бул тууралуу Красногорск Телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, окуя Красногорск шаарындагы Спутник кичи районунда болгон. Анда мигрант трактордун айдоочусун уруп, андан кийин тракторун айдай качкан. Аны полиция кызматкерлери кууган. Тракторду айдай качкан мигрант көпкө узабай эле колго түшкөн.
Тракторду айдай качкан жаран кайсы өлкөнүн жараны экени айтылган жок.