Өлкө боюнча буудай жана чычырканакты эң көп өстүргөн дыйкандар белгилүү болду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Москва районунун фермери Алексей Анисимов өткөн жылы 1 гектар жерге буудай айдап, андан 86 центнер түшүм алган. Ал эми Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун дыйканы Таалай Окенов 2019-жылы 1 гектар жерге отургузулган чычырканактан 70 центнер түшүм жыйнап, жалпы 1 миллион 400 миң сом киреше тапкан.
"Сиз дагы ушундай жыйынтыктарга жетип, киреше тапкыңыз келсе. Анда өсүмдүк өстүрүү жана багбанчылыкта чоң жетишкендиктерге жетишкен адистер жана фермерлер “Агродиалог – 2025” иш-чарасынын алкагында 31-январь күнү саат 10:00дө Кыргыз улуттук агрардык университетинде кызыл килемден өтүп, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Алар буудай жана чычырканак өстүрүүнүн заманбап технологиялары жана түшүмдүүлүктү арттыруунун сырлары тууралуу айтып беришет", - деп билдирди министрлик.
Иш-чара тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн 0770 850-015 номуру аркылуу министрликтин бөлүм башчысы Турат Идрисовго кайрылсаңыздар болот.