Эртең, 15-январда өлкөдө күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз +6…+11 градус;
Талас облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +6…+11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +7…+12;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;
Нарын жергесинде түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9;
Бишкек шаарында түнкүсүн -6…-8, күндүз +9…+11 градус жылуу болот.