Акча жасоого жана аны жүгүртүүгө чыгарууга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында соттук-техникалык экспертиза жүргүзүлүп, жүгүртүүгө жасалма чет элдик банкноттор чыгып кеткени тастыкталган. Атайын кызмат иликтөө иштерин жүргүзүп, бул ишке тиешеси бар шектүүлөрдү аныктаган. Алар өздөрү жасаган акчаларын пайдаланууга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн атайын эски унааларды алып-сатуу бизнесин уюштурушканы белгилүү болгон. Тагыраагы, унааларды жасалма акчага сатып алып турушкан.
УКМК кечээ, 13-январда шектүү делген М.И. жана С.К. аттуу жарандардын жашаган жерин тинтүүгө алган. Натыйжада ири өлчөмдөгү чет элдик жана улуттук валютадагы банкноттор табылып, алар соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлгөн. Ал эми 2 адам кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды жана жасалма акчалардын келип чыгуу булактарын аныктоо иштери жүрүүдө.