Орусиянын Москва шаарында 13 жаштагы кыз TikTok социалдык тармагына видео тартуу үчүн өзүнүн 2 жаштагы инисин белге тепти. Бул тууралуу BAZA Телеграм каналы жазып, андагы видео менен бөлүштү.
Окуя 2024-жылдын ноябрь айында эле болгон. Анда 13 жаштагы кыздын ата-энеси 2 жаштагы уулун кызына таштап, жумуштары менен кетишкен. Кыз үйүнө классташын чакырып, экөө ошол маалда TikTok'то тренд болуп жаткан видеону тартышкан. Трендде музыка менен жанындагы адамды түртүшү керек болчу. Бирок кыз классташын түртпөй, ыйлап жаткан 2 жашар баланы белге тепкен.
Бул видеону тергөөчүлөр эми гана көрүшүп, бул факты боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө жүрүүдө.