Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кытайга болгон жумушчу сапарынын алкагында Гонконгдун администрациясынын башчысы Жон Ли менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул туурасында бүгүн, 14-январда президенттик администрациянын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, тараптар Кытай Эл Республикасынын Гонконг аймагында Кыргызстандын баалуу кагаздарын чыгаруу боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Касмалиев Кыргызстандын жарандары үчүн визалык режимди жөнөкөйлөтүү маселесин көтөрдү. Мындан тышкары студенттерди алмашуу, эки тараптын билим берүү мекемелеринин ортосунда түз байланыштарды түзүү, Гонконгдон жогорку окуу жайларында билим алуу үчүн квоталык орундарды бөлүштүрүүгө кызыкдарлык билдирилди.
Жон Ли өз кезегинде кызматташуунун горизонтторун кеңейтүү каалоосун колдой турганын билдирди жана каржы тармагында кызматташуунун келечегин белгиледи.