Баткенде жасалма мөңгү тоңдурулду (сүрөт)

Баткен облусунда быйыл 3 жасалма мөңгү тоңдурулду. Бул тууралуу бүгүн, 14-январда президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, Лейлек районунун Сумбула айыл аймагында 1, Баткен районунун Кайыңды, Газ айылдарынын жайлоосунда 2 жасалма мөңгү тоңдурулду. Мөңгү тоңдуруу иши жергиликтүү бийлик менен жайыт комитеттеринин, бейөкмөт уюмдардын климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган долбоорлорунун алкагында ишке ашырылууда.
Жасалма мөңгү жайыттарда суу таңкыстык көйгөйүн чечүүнүн жолу катары каралууда. Тагыраагы, жайыттарды жакшыртуу, эрте жазда жайлоого чыккан малдарды сугаруу, кайрак жерлерге суу жеткирүү максатын көздөйт.
Белгилей кетсек, буга чейин Кадамжай районунун Орозбеков айыл аймагында пилоттук негизде мөңгү тоңдурулган. Учурда облус аймагында аны жайылтуу иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан