Депутат экономика министринин орун басарынан шаарлардын санын сурап айласын кетирди 

Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйында депутат Замирбек Мамасадыков өлкөдөгү шаарлардын санын сурап экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асыкуловдун айласын кетирди.

Анда эл өкүлү Экономика министрлигине ишкерлерге жардам иретинде өнөр жай аймактарын түзүүнү сунуштап жатып, аткаминерден Кыргызстанда канча шаар бар экенин сураган.

Замирбек Мамасадыков: "Кыргызстанда канча шаар бар?"

Искендер Асыкулов: "44 шаар"

Замирбек Мамасадыков: "Кандай 44? Сиз министрдин орун басарысызбы?"

Искендер Асыкулов: "Эки республикалык, дагы жети шаар, жалпы тогуз шаар"

Замирбек Мамасадыков: "Сиз жазып алыңыз. Эки республикалык маанидеги шаар, 12 облустук, 19 райондук маанидеги шаар. Сиз муну жатка билишиңиз керек".

"Ош, Бишкек шаарына 500 гектардан, облустук маанидеги шаарларга 200 гектардан, райондук маанидеги шаарларга 100 гектардан, айыл өкмөттөргө 50 гектардан өнөр жай зоналарын түзүү үчүн жер бөлүп берүү керек. Эгер Чүйгө дагы 500 гектар жерди өнөр жай зоналарын түзүү үчүн бөлүп, 4 сотыхтан бөлүп берсеңиз, 12 миң ишкерге жумуш орду түзүлөт. Жалпы 5 жылды 50 миң жумуш ордун түзсөңүздөр болот. Бизде жер издеп ишкерчиликтен аксап жаткан ишкерлер көп экен. Биз ишкерлерге жакшы шарттарды түзүп берешибиз керек", - деди эл өкүлү Замирбек Мамасадыков.

Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйыны
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан