Кыргызстанда мыйзам бузган чет өлкөлүктөргө айып пулдарды көбөйтүү сунушталууда

Бүгүн, 14-январдагы Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда чет өлкөлүк жарандардын укук бузуулары үчүн аларды чакырган юридикалык жана жеке жактарга айып пулдун өлчөмүн көбөйтүүгө багытталган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорун ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев тааныштырды. Ал Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесинде (Чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда белгиленген жүрүү тартибин же эмгек ишин жүзөгө ашыруу же транзиттик өтүү эрежелерин бузуусу) айып пулдун өлчөмү 5500 сом деп каралганын белгилеп, айыптын өлчөмү аз болуп жаткандыктан аны тоготопой, мыйзам бузган чет элдиктер көп болуп жатканын айтты.

Документте Укук бузуулар кодексинин 430-беренесинин 2-бөлүгү боюнча физикалык жана юридикалык жактар үчүн айып пулдун өлчөмүн орто эсеп менен 3 эсеге көбөйтүү сунушталууда. Учурда жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып салынат.

Мыйзам долбоорунун максаты болуп чет өлкөлүк жарандардын Кыргызстанда жүрүүнүн, эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруунун же транзиттик өтүүнүн белгиленген эрежелерин бузуусу менен байланышкан укук бузуулардын алдын алуу саналат.

Жогорку Кеңеш 14.01.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан