
Бүгүн, 15-январда саат 04:43тө Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында күчү 3 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту кабарлады.
Ага ылайык, жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.