Белгилүү "Братья Блюз", "10 заповедей", "Леди поет блюз", тасмаларында роль жараткан америкалык актриса Далис Карри Лос-Анжелести каптаган өрттүн кесепетинен каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Белгилүү болгондой, окуянын алдында актрисанын небереси аны ооруканадан чыгарып, үйүнө жеткирген. Ошол эле түнү небересинин телефонуна анын чоң апасынын үйүндө электр жарыгы өчкөнү тууралуу билдирме келген. Ал дароо чоң апасынын үйүнө барганда, үй өрттөнүп жатканын көргөн.
95 жаштагы актрисанын сөөгү күйүп кеткен йдүн ичинен табылган.